Кыргызстан менен Россиянын юстиция министрлери кызматташтыкты талкуулашты
Кыргызстан менен Россиянын юстиция министрлери Аяз Баетов жана Константин Чуйченконун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө укуктук маселелер боюнча кызматташуу жаатында кеңири пикир алмашуу болуп, биргелешкен иштердин мындан аркы кадамдары, анын ичинде келишимдик-укуктук базанын кеңейтүү белгиленди.
Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматта ведомстволор аралык кызматташтыктын прогрессивдүү өнүгүп жатканын өзгөчө белгилешти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/