Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабирдин жолугушуусу өттү.
Ведомстводон билдиришкедей, тараптар жолугушууда өнөр жай кооперациясындагы келечектүү кызматташуу багыттарын талкуулашты.
Талкууда тараптар металлургия, жеңил өнөр жай, машина куруу, химия жана фармацевтика тармактарында, ошондой эле курулуш материалдары өндүрүшүндө кызматташуу маселелерин карашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында келечектүү кызматташуу багыттарын өнүктүрүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча макулдашуу кабыл алынды.
Ошондой эле тараптар расмий жана ишкердик делегациялардын сапарларын активдештирүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушууларын өткөрүү аркылуу экономикалык байланыштарды бекемдөө тууралуу чечимге келишти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/