Кыргызстан Түркияга салттуу стилде кооздолгон үч боз үй белек кылды - ИА Караван Инфо
Кыргызстан Түркияга салттуу стилде кооздолгон үч боз үй белек кылды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия президентинин административдик Иштер башкармалыгынын жетекчиси Хаккы Сусмаз менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Хаккы Сусмазга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 33 жылдыгына, ошондой эле Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата салттуу стилде толук кооздолгон үч кыргыз улуттук боз үй белекке берилгендигин тастыктаган сертификат тапшырды.

Кыргыз улуттук үч боз үй түрүндөгү белек эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин жогорку стратегиялык деңгээлин, тараптардын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, маданияттын, эки элдин тили жана тарыхы биримдигин тастыктоосу белгиленди.

Элчи боз үй Кыргызстандын жана башка түрк элдеринин тарыхынын жана маданиятынын символу экенин өзгөчө белгиледи.

Көптөгөн түрк тилдеринен “юрта” деген сөздү мекен, ата журт, эл деп которууга болот. Ал үй-бүлөнү, жерди жана ааламды символдоштуруп, адам жашоосунун бардык этаптарын – төрөлгөндөн өлгөнгө чейин камтыйт. Түрк элдеринин маданиятынын, маанилүү ырым-жырымдарынын жана жөрөлгөлөрүнүн көбү боз үй менен байланышкан.

Президенти Садыр Жапаровдун атынан белекке берилген улуттук боз үйлөр келерки жылы ачыла турган Түркия президентинин администрациясынын аймагындагы жаңы сейил бакка орнотулуп, Анкара шаарынын тургундары жана меймандары тарабынан көрүүгө болот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: