Кыргызстанда 416га жакын адам 50 миң сомдон жогору ала турганын айтты – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 416га жакын адам 50 миң сомдон жогору ала турганын айтты

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга карата бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторун угуп жана жактырды. 

Социалдык фонддун 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев тааныштырды.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Эльвира Сурабалдиева баштапкы төгүмдү төлөө үчүн пенсиялык топтоолорду турак жай сатып алууга которуу тартиби тууралуу маселени көтөрүп, банк кепилдигин берүү талабын алып салуу керектигин кошумчалады. Депатат Шарапаткан Мажитова ошондой эле пенсиялык топтоолорду пайдалануу ыкмалары, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо механизмдери тууралуу суроолорду көтөрүп, жарандар пенсиялык топтоолорду алуудагы кыйынчылыктарга көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Депутат Бекмурза Эргешов Социалдык фонддун каражаты тууралуу маселени көтөрдү. Эл өкүлү Надира Нарматова камсыздандырылган адам пенсия дайындагандан кийин каза болгон учурда мураскорлорго пенсиялык топтоо каражаттарынын төлөнүшүнө көңүл бурду.

Депутат Акылбек Түмөнбаев пенсиянын минималдуу жана максималдуу өлчөмү тууралуу тактады.

Социалдык фонддун төрагасы пенсиянын минималдуу өлчөмү 6900 сом экенин, 416га жакын адам 50 миң сомдон жогору ала турганын айтты. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: