Алдын ала маалымат боюнча, 21нен 27-октябрга чейинки өлкө боюнча 18 миң 682 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 555;
-Мас абалында автоунаа башкаруу – 237;
-Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 51;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 326;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3202;
-Авто ээнбаштык – 6;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3492;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 137;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 783 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/