Кыргызстанда илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыга көрсөтүүгө эмгектерди кабыл алуу жарыяланды - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыга көрсөтүүгө эмгектерди кабыл алуу жарыяланды

Президенттин администрациясы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысын изденип алууга илимий эмгектерди 2024-жылдын 11-ноябрынан тартып 11-декабрына чейин кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.

Кароого 2021-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 11-ноябрына чейинки мезгилде жарыяланган илим жана техника жаатындагы илимий иштердин материалдары кабыл алынат.

Мамлекеттик тилдеги филология жана адабият таануу боюнча илимий эмгектерден тышкары, Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүлүүчү илимий эмгектер, автордун (авторлоштун) 3төн (үч) кем эмес статьясы Q3төн кем эмес квартилдеги жана/же Россиянын илимий цитаталар индекси ядродогу (РИНЦ), “Scopus” жана “Web of Science” эл аралык маалыматтар базасында индексациялануучу таанылган эл аралык илимий басылмаларда жарыяланууга, ал эми техниканын жаңы түрлөрү, техника жаатындагы илимий иштердин материалдары жана технологиялары беш жылдан кем эмес, ал эми гуманитардык үч жылдан кем эмес өндүрүштө өздөштүрүлүүгө тийиш.

Эгерде илимий изилдөөнү аткаруу же иштеп чыгуу процессинде административдик же уюштуруучулук функцияларды гана жүзөгө ашырган, жоюлбаган соттуулугу бар адамды Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүүгө жол берилбейт.

Мамлекеттик сый акыны изденүүчү талапкердин Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуусу жана илимий эмгектерин тапшыруусу зарыл.

Кошумча суроолор боюнча (0312) 55-77-64 телефон номерине байланышса болот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: