Кыргызстанда жаштар саясатын ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарда эселеп өстү. Тактап айтканда, 8 млн. сомдон 38 млн. сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун Жаштар күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.
Министр азыркы учурда Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, калктын жалпы санынын 35 пайызын 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар түзөрүн билдирди.
“Калктын үчтөн бир пайызы жаштар болгондугуна байланыштуу биз мамлекеттик жаштар саясатына өзгөчө көңүл буруубуз абзел. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштар мамлекеттик саясаттын ишке ашыруучу түздөн түз орган экендиги баарыбызга белгилүү.
Министрлик тарабынан жаштар саясаты чөйрөсүндө бир катар олуттуу ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын “Жаштар жөнүндө”, “Ыктыярчылык иш жөнүндө” Мыйзамдарын аткаруу максатында жаштардын демилгелерин колдоо, ыктыярчылык ишмердүүлүгүн жүргүзүү, жаш үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча ченемдик укуктук актылар демилгеленген”, – деп, өлкөнүн келечекте алдыңкы, билимдүү, өнүккөн өлкө катары дүйнөгө таанытуу жаштардын ыйык милдети экендигин кыйытты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/