2024-жылдын 23-26-октябрь күндөрү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары М. Дуйшеев жана Президенттин администрациясынын өкүлү А. Жээналиев Янлин шаарында (Кытай) Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) заманбап айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча тегерек столго катышты.
Анын жыйынтыгында, агрардык чөйрөдөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө анын ичинде ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода байланыштарын жана технологиялар менен алмашууну чыңдоого багытталган макулдашууларга жетишилди.
Ошондой эле, ШКУ агробазасынын 5-юбилейлик көргөзмөсүнүн алкагында Pherobio Technology Co., Ltd (Шарп ылаңына каршы вакциналарды өндүрүү) (айыл чарбасында зыянкечтерге каршы күрөшүүдө жаңы технологияларды колдонуу) Jinhai Biotech компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулуп, кызматташууну талкуулашты.
Белгилей кетсек, Янлин жарманкеси Кытайдын эң ири агрардык иш-чараларынын бири катары айыл чарбасы үчүн уникалдуу жогорку технологиялык чечимдерди жана ар тараптуу өнүгүүлөрдү жаратууда.
Жарманкенин алкагында көргөзмөлөр жана конференциялар өткөрүлүп, анда айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы технологиялар сунушталды. Жолугушуунун алкагында “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен “Чжунзе Сифан” биотехнологиялык компаниясынын ортосунда келишимдер жана эки компаниянын ортосунда макулдашууларга кол коюлду. Ошондой эле, делегациянын иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстанда заманбап машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү үчүн айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча Кытай компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/