Кыргызстандын башкы прокурору россиялык кесиптеши менен жолукту - ИА Караван Инфо
Кыргызстандын башкы прокурору россиялык кесиптеши менен жолукту

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевдин Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында 30-октябрда Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынын жетекчилери: Россия Федерациясынын башкы прокурору И. Краснов жана Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы А. Бастрыкин менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.

Россия Федерациясынын башкы прокурору менен болгон жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери жана ар кандай укуктук чөйрөлөрдө тажрыйба алмашуу талкууланды.

Айрыкча, эки өлкөнүн прокуратураларынын ортосундагы 2024-2025-жылдарга карата кызматташтык Планын ийгиликтүү ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. М.Асаналиев бул Пландын алкагындагы иш-чаралар өз убагында аткарылып жатканын жана бул ведомстволор аралык кызматташуунун жогорку деңгээлин тастыктарын белгиледи.

Ошондой эле тараптар КМШ өлкөлөрүнүн Башкы прокурорлорунун Координациялык кеңеши жана ШОС өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун жыйындары сыяктуу эл аралык уюмдардагы кызматташууну талкуулашты.

Тараптар укук тартибин бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга багытталган биргелешкен иш-чараларга катышууну улантууга берилгендигин ырасташты.

Айрыкча, кыргызстандык жана орусиялык кесиптештер ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Кыргыз Республикасында өтө турган иш-чараны талкуулашты. Жолугушуунун натыйжаларынын бири – аскер прокуратуралары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу болду, бул мындан аркы кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы А.ИБастрыкин менен болгон жолугушууда тараптар чек ара аралык кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун маанилүү жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин ортосундагы кызматташтык боюнча келишимге кол коюу болду. Бул келишим тажрыйба алмашууга жана укук колдонуу практикасын жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө жаңы платформаны түзөт.

Ошондой эле тараптар эл аралык тергөө тапшырмаларын аткаруу жана кылмыш иштерин иликтөөдө өз ара укуктук жардам көрсөтүү боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Тараптар кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мындан ары дагы кызматташууну бекемдөөгө ишенимин билдиришти.

Асаналиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн жана алардын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: