Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 9%га көбөйдү – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 9%га көбөйдү

Ички дүң продукт 2024-жылдын январь-ноябрында алдын ала баалоо боюнча 1,2  триллион сомдун ашыгын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

2024-жылдын январь-ноябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 513 миллиард сомдун ашыгын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларынын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (31,4 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарынын (20,1 пайызга), фармацевтикалык продукциянын (12,3 пайызга), текстиль өндүрүшүндө жана кийим-кече өндүрүшүндө (13,8 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын (9,9 пайызга), өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 4,8 пайызга көбөйдү.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 32,6 пайызды, дүң жана чекене соода – 18,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 6,2 пайызды түздү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: