Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $13,4 млрд түздү – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $13,4 млрд түздү

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-октябрында 13,4 млрд. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 6,4 пайызга көбөйгөн.

Мында экспорттук жөнөтүүлөр 25,2 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 1,8 пайызга көбөйгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-октябрында 4,2 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 13,7 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,8 пайыз) жана Казакстанга (26,4 пайыз) туура келди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: