Мамлекеттик органдар майыптар менен мамиле түзүүнү үйрөнүүдө - ИА Караван Инфо
Мамлекеттик органдар майыптар менен мамиле түзүүнү үйрөнүүдө

2024-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасынын техникалык жана эксперттик колдоосунда «Майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуунун негиздери» деген темада гибриддик форматта прокуратура органдарынын кызматкерлеринин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда тренинг өткөрүлдү.

Тренинг майыптыгы бар адамдардын укуктарын жөнгө салуучу эл аралык жана улуттук мыйзамдар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин натыйжалуу аткарылышы үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Катышуучулар негизги аспектилерди, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын актуалдуу укуктук көйгөйлөрүн жана алардын укуктарын коргоо механизмдерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлеринен, БУУнун Өнүктүрүү программасынан жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган тренингдин эксперттери баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүп, практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүшүп, аларга угуучулар активдүү катышышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар кесиптик компетенцияларды жогорулатуу жана майыптыгы бар адамдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн ушундай тренингдерди өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: