Минскте Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган Кыргызстандын Маданият күндөрү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Салтанаттуу ачылыш Беларустун Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун көргөзмөсү менен коштолду.
Иш-чарада Кн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гулбара Абдыкалыкова жана Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Валерий Громада куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Бул иш-чара маданий кызматташтыктын маанилүү этабы болуп, Кыргызстандын уникалдуу көркөм мурастарын кенен элге тааныштырат.
Белгилей кетсек, Маданият күндөрү 27-октябрга чейин уланат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/