Өнөктөштүк платформасынын жыйыны Тажикстан – ЕККУ
2024-жылдын 24-октябрында Душанбе шаарында Тажикстан Республикасы менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун ортосундагы Өнөктөштүк платформасынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Иш-чарада Тажикстандын делегациясын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Исматулло Насредин, ал эми ЕККУнун делегациясын ЕККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Кейт Феарон жетектеп барды.
Бул иш-чарага тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышып, тараптар ЕККУнун Тажикстандагы ишмердүүлүгүн өз ара кызматташуунун үч өлчөмүнүн: аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана адамдык багыттарынын алкагында талкуулашты.
Сүрөт: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги