Нарын районунда жолдорго асфальт төшөө иштери уланууда – ИА Караван Инфо
Нарын районунда жолдорго асфальт төшөө иштери уланууда

Нарын районундагы Госдорога – Пионер унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө пландалган 1 чакырымдын 670 метрине асфальт төшөлдү.

Мындан тышкары, Госдорога – Үч-Нура автожолунун 9-12-чакырым аралыгына 1, 2 чакырым асфальт басылды. Учурда калган тилкесине асфальт төшөө пландалууда.

Жеринде №8 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: