Новосибирск шаарында “Айтматов окуулары” аттуу конференциясы өттү – ИА Караван Инфо
Новосибирск шаарында "Айтматов окуулары" аттуу конференциясы өттү

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен Новосибирск мамлекеттик облустук илимий китепканасында “Чыңгыз Айтматов ааламы” сүрөт көргөзмөсүнүн жана улуу кыргыз жазуучусу, коомдук ишмер жана дипломат Чынгыз Айтматовдун 96 жылдыгына арналган “Айтматов окуулары” эл аралык илимий-практикалык конференциясынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

“Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы Кыргызстан жана Россия элдеринин руханий жакындыгынын символдорунун бири болуп калды — жазуучу үчүн орус жана кыргыз тилдери, өзү айткандай, канаттууга эки канат сыяктуу болду”, – деп белгиледи Башкы консул Айбек Айдарбеков өзүнүн куттуктоо сөзүндө.

 Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган “Айтматов окуулары” эл аралык илимий-практикалык конференциясы “Чыңгыз Айтматов – дипломат жана тынчтык орнотуучу” аттуу пленардык сессиядан жана “Чыңгыз Айтматов – жазуучу” жана “Чыңгыз Айтматов жаш муундун көзү менен” аттуу эки сессиядан турду.

“Чыңгыз Айтматов – жазуучу” секциясы адабият жана маданият таануу жаатындагы алдыңкы адистерди бириктирди. “Чыңгыз Айтматов жаш муундун көзү менен” секциясы студенттердин жана мектеп окуучуларынын эмгектерин тартуулап, Айтматовдун чыгармачылыгынын азыркы жаштар үчүн актуалдуулугун көрсөттү. Катышуучулар жазуучунун чыгармаларындагы адамдын образын, анын проблемаларынын актуалдуулугун талкуулашты, ошондой эле айрым чыгармалардын анализин сунушташты.

Сүрөт көргөзмөдө жазуучунун чыгармачылыгын, үй-бүлөсүн жана досторун чагылдырган 60тан ашуун архивдик сүрөттөр, фильмдерден алынган кадрлар, жазуучунун дипломатиялык ишмердиги учурундагы сүрөттөр көрсөтүлдү.

Иш-чарага Новосибирск шаарындагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Новосибирск облусунун Маданият министрлигинин жетекчилиги, Новосибирск облусунун Улуттук-маданий автономиялар Ассоциациясынын (өзбек, тажик, азербайжан, татар диаспорасынын) жетекчилери, ЖОЖдордун студенттери жана кыргыз диаспорасынын активисттери катышты. Мындан тышкары, онлайн режиминде Томск, Новосибирск облустарынын, Татарстан Республикасынын, Алтай Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: