Ош шаарына РФ Президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов баштаган делегация келди.
Орус делегациясы Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун жана тиешелүү тармактык кызматтардын коштоосунда Ош шаарында РФ эсебинен жаңы мектептин курулушуна бөлүнгөн жер тилке менен таанышып чыгышты.
Ошондой эле, Түштүк федералдык университетинин (Ростов-на-Дону) жана Сибирь федералдык университетинин (Красноярск) камкордугунда турган №6 А.Макаренко атындагы жана №14 К.Алтыбаев атындагы мектептерден кабар алынды.
Мындан тышкары, Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын адистештирилген мектеп-интернатындагы балдардан кабар талынып, аларга таттуу белектер берилди.
Буга чейин аталган интернатка материалдык жардам катары методикалык колдонмолор, көркөм адабий китептер жана окуу куралдар берилген.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/