Ош шаарында 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт – ИА Караван Инфо
Ош шаарында 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт

Ош шаарында 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди.

Жылуулук этап-этабы менен 3-4 күндө толук жетет. Биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: