Ошто тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди – ИА Караван Инфо
Ошто тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Ош шаарында бүгүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басарлары, мэриясынын өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу болду.

Белгилей кетсек, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Майрам 2017-жылы негизделген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: