Президент Садыр Жапаров Бакуга иш сапары менен келди – ИА Караван Инфо
Президент Садыр Жапаров Бакуга иш сапары менен келди

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) иш сапар менен келди.  

Мамлекет башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. 

Эске салсак, иш сапардын алкагында 12-ноябрда Мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.  

Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” иш-чарасында Президент Садыр Жапаров, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын Президенти Рам Чандра Поуделдин, ошондой эле башка делегациялардын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын сүйлөгөн сөздөрү болот. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: