2024-жылдын 23–24-октябрында Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу Түркиянын Анталья провинциясынан жана Жер Ортолук деңизинин башка аймактарынан түрк ишкерлеринин жана инвесторлорунун делегациясынын экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана экономиканын негизги тармактарында кызматташууну өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштурду. Иш сапар Түркиянын аймактары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы перспективаларын ачууга карай маанилүү кадам болду.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жетекчилиги менен бир катар расмий жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө түрк делегациясынын мүчөлөрү Кыргызстандагы туризм, айыл чарба, энергетика жана жеңил өнөр жай сыяктуу приоритеттүү тармактардагы бизнеске жана инвестицияга чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Бул контекстте сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн шарттарына, анын ичинде чет элдик инвестиция үчүн жеңилдиктерге жана преференцияларга өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин баса белгилеп, иш сапардын жыйынтыгы жаңы ийгиликтүү биргелешкен долбоорлордун башталышы болоруна ишеним билдирди.
Делегациянын программасы Ч.Айтматов атындагы музей, ошондой эле Улуттук тарых музейге баруу менен аяктады. Анда делегациянын мүчөлөрү кыргыз элинин бай тарыхы жана маданияты менен тааныша алышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/