Талас шаарынын аймагына видео көзөмөл камералары орнотулду
Талас шаарынын 38 жерине 64 видео көзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.
Алардын ичинен 10 даанасы адамды жүзүнөн тааныйт, бешөө автоунаалардын мамлекеттик номерлерин аныктайт, 49 даанасы көзөмөл камералар.
Талас шаарынын аймагына кылмыштуулуктун алдын алуу максатында коюлган видеокамералар Талас ОИИБдин санарип көзөмөл борборуна туташтырылат.
Ошондой эле Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Талас шаарынын мэриясына онлайн форматта көрүү үчүн сыналгылар орнотулган.
Азыркы тапта видео көзөмөл камераларын ИИМдин “Коопсуз өлкө” борборуна кошуу жумуштары жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/