Таласта шайлоо тилкелеринин өрт коопсуздугуна даярдыгы текшерилүүдө
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын адистери 27-октябрдан тартып облус боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тилкелеринин өрт коопсуздугуна даярдыгын текшерүүнү улантууда.
Иш-чаралардын максаты – өрт кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоо жана коопсуздук чараларын күчөтүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда жалпы республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү.
Талас облусу боюнча жалпы 117 шайлоо участкасы бар.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/