Таластагы Көк-Ой участогунда 25 даана трансформатор капиремонттон өткөрүлдү - ИА Караван Инфо
Таластагы Көк-Ой участогунда 25 даана трансформатор капиремонттон өткөрүлдү

2024-жылга карата Талас ЭТИнин Талас райондук элект тармагынын Көк-Ой участогунда күз-кыш мезгилине пландалган 25 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Көк-Ой участогундагы 15 айылга пландалган 156 даана эски жыгач мамычаны темир бетон мамычага алмаштыруу иштери аткарылды. Мындан тышкары быйыл жаңы конуштарга 60 даана темир бетон мамыча орнотулду.

Ошондой эле 10 кВ аба чубалгысынын 27 км аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ал эми 0,4 кВ аба чубалгысында 24 км техникалык тейлөө иштери аткарылды.

Ал эми 2024-жылга пландалган 260 даана трансформатордун 230 даанасы техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлдү.

Мындан тышкары, 5,600 км аба чубалгысына СИП кабель тартуу иштери жүргүзүлдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: