Тамеки ташып келүүдө ката 4 миллион сомдон ашты
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажыдан кийинки контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «С.» ЖЧКга карата жүргүзүлгөн камералдык текшерүүнүн жыйынтыгында чыпкалуу тамекилерди ташып келүүдө акциздик салыктын ставкаларын туура эмес колдонуу бөлүгүндө 4 071 200 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюу фактысы аныкталган.
Учурда төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүн өндүрүү боюнча тиешелүү чаралар жүрүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/