«Жалал-Абад» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2006-жылы чыгарылган LEXUS RX-400H автоунаасын мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныкташты.
Автотранспорт каражаты Литва мамлекетинен бөлүк-бөлүк болуп келгени жана бажы декларациясына ылайык, мурда колдонулган авто тетиктер катары таризделгени аныкталган. Андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында автотетиктерден толук автоунаага кураштырылган.
Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында унаа Беларусь Республикасынын жасалма техникалык паспортунун негизинде Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды мамлекеттик каттоонун Жалал-Абад облустук башкармалыгында катталган.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 1 539 651 сомду түзгөн.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/