Жалал-Абад шаарында «Эрте жаз» фестивали өттү – ИА Караван Инфо
Жалал-Абад шаарында «Эрте жаз» фестивали өттү

Жалал-Абад шаарындагы кыргыз-орус «Достук» эс алуу багында 15-марта «Эрте жаз» фестивали өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Фестивалда сүрөчүлөрдүн эмгектери, улуттук кол кол өнөрчүлөрдүн буюмдары коюлган жарманке уюштурулган.

Ага катар облустук филармониянын жана Барпы театрынын чыгармачылык жамааты, шаардагы улуттардын диаспора өкүлдөрү тарабынан концерттик программа жана «Жалал-Абад шаарынын жаралуу тарыхы» аталышындагы сахналаштырылган театралдык көрүнүш тартууланды.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, калаа тургундары жана меймандары катышты.

Булак: https://caravan-info.kg/

error: