Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештин 1197 депутаты шайланат – ИА Караван Инфо
Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештин 1197 депутаты шайланат

30-октябрда КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү.

​Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо процессинин мөөнөттөрү жана этаптары, тиешелүү органдардын милдеттери тууралуу КР Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымат берилди.

​Облуста шайлоочулардын саны өскөндүгү белгиленди: эгерде 2021-жылы 680 миңге жакын адам болсо, быйылкы жылы 771 миңден ашты. Жалал-Абад шаарында чоң өзгөрүүлөр болуп, административдик-аймактык реформадан кийин 8 айыл аймагын камтыды жана ошого жараша шайлоочулардын саны дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Аралыктан добуш берүүнү активдештирүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтуу менен, ушул убактаЖалал-Абад шаарында арыздарды кабыл алуучу 3 пункт иштеп жаткандыгы, аралыктан добуш берүүнү каалагандар 6-ноябрга чейин төмөнкү дареккекайрыла алышаары белгиленди:

17-ноябрда Жалал-Абад облусунда 47 жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат: 10 – шаардык жана 37 – айылдык. Административдик-аймактык реформадан кийин, анын жүрүшүндө 29 айылдык аймак башкаларга кошулду, жергиликтүү кеңештердин саны кыскарды: мурда алардын саны 76 болгон. Тиешелүүлүгүнө жараша депутаттыкмандаттардын саны да кыскарды. Азыр Жалал-Абадоблусу боюнча мандаттардын жалпы саны – 1197, алардын ичинен 290 – шаардык кеңеш, 907 – айылдык кенеш. Аялдар үчүн 29,7% резервделди, б.а. 356 мандат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: