Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйындарына көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү тууралуу Министрге маалымат берди.
Башкы катчы ошондой эле жогоруда аталган иш-чараларда кол коюуга жана кабыл алууга пландаштырылган документтердин долбоорлорун иштеп чыгуунун жүрүшү жана уюштуруучулук-мазмундук мүнөздөгү башка маселелер тууралуу маалымдады.
Өз кезегинде, министр Ж.М.Кулубаев алдыдагы иш-чаралардын мазмунун сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн жана ТМУга мүчө-мамлекеттердин ортосунда документтердин долбоорлорун тез арада макулдашуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар алдыдагы мезгилге ТМУдагы Кыргыз Республикасынын төрагалыгы боюнча пикир алмашып, төрагалыктын алкагындагы иш-чаралардын планын талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Уюмдун алкагында алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы биргелешкен иштерге өз ара даярдык белгиленди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/