Жогорку Кеңеш мамлекеттик менчикте турган имараттарда казино ачууга уруксат берди - ИА Караван Инфо
Жогорку Кеңеш мамлекеттик менчикте турган имараттарда казино ачууга уруксат берди

Жогорку Кеңештин 30-октябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үч окууда каралып, кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаева тааныштырды. 

Анын айтымында мыйзам долбоору оюн-зоок ишинин субъекттерине өз ишин мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объекттеринде, ошондой эле капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объекттеринде жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына оюн-зоок бизнесинин субъектилерин мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мейманкана комплексинде жайгаштырууга уруксат берүүчү өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Административдик-процесстик кодексине, Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: