Кыргызстан менен Словакия кош салык салууну жоюу боюнча келишим түзүштү
2024-жылдын март айында Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосунда киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган.
Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев, Словакия тараптан Словакия Республикасынын Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчиси Роберт Кирнаг мырза катышты.
Ишкердик субъекттеринин кирешелерине кош салык салууну жоюу боюнча Макулдашуунун негизги максатынан тышкары, мындай макулдашуулар өлкөнүн экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга көмөктөшөт. Жалпысынан Кыргыз Республикасы 36 өлкө менен кош салык салууну жою боюнча макулдашууларды түзгөн.